• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте аял Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кармалды

22 Чын куран 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

Диний жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Шектүүнүн үстүнөн 19-февралда милицияга арыз келип түшкөн. Шаар тургуну аны Фейсбуктагы баракчасы аркылуу диний жана аймактар аралык кастыкты козутууда деп айыптаган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 313-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) менен катталган.

«Бишкек ШИИББдин кызматкерлери шектүүнү — 1973-жылы туулган А.Г.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Корутундуга ылайык, шектүүнүн билдирүүлөрүндө кайсы бир динге же ал динди тутунган инсанга чагымчылдык кылуу, бир динге жана аны тутунган адамдарды кемсинткен белгилер бар», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 644