• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бишкекте аялдамадан сыналгы уурдалды

15 Бирдин айы 2024 14:19 Бишкек Govori.TV

Бишкекте аялдамадан сыналгы уурдалды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан аялдамадан белгисиз адамдар эшикти сындырып, сыналгыны уурдап кетишкен.

Учурда бул маселе укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун КР мыйзамдарын бузбоого жана башка адамдардын мүлкүнө аяр мамиле кылууга чакырат.

Количество просмотров: 108