• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жайында салкын, кышында жылуу. Бишкекте заманбап аялдама курулат

30 Бугу 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ю. Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоорго ылайык аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED экраны болот. Белгилей кетсек, долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда.

Эске салсак, буга чейин «Бишкекасфальтсервис» муниципиалдык ишканасы тарабынан жол тыгындарын жоюу жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн аялдама жылдырылып, тротуар кеңейтилген. Ошондой эле жолго жээк таштар коюлуп, жол асфальтталган.

Количество просмотров: 64