• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Тамчыда миллион сомго салынган аялдама алынды

22 Бугу 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

«Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайына салынган аялдама алынды. Бул тууралуу сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланды.

Буга чейин Башкы прокуратура Тамчыдагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалганын кабарлаган. Каражат Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгон. Анда курулуштун сапаты келишимге ылайык кабыл алынбаганы да аныкталган.

Райондук прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү камакка алган.

Количество просмотров: 234