• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте баңгизат таратууга шектүү жаран кармалды

11 Чын куран 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук милициясы тарабынан телефон уурдоого жана баңгизат таратууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-февраль күнү саат 21:30 чамасында шектүү А.Р. соода түйүндөрүнүн биринде болуп, ал жерден жабырлануучу С. У.нын байкабастыгынан пайдаланып, кассадан баасы 25 миң 990 сом болгон «Хаiomi» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап, андан кийин кылмыш жасалган жерден качып кеткен.

Бул факт Биринчи май районунун ИИБ кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери шектүүнү кармаган учурда күрмөсүнүн чөнтөгүнөн өзгөчө кескин жыты бар кочкул-боз түстөгү зат, ошондой эле жабырлануучу С. У.га таандык «Хаiomi» үлгүсүндөгү уюлдук телефону табылып алынган.

Уюлдук телефонго мониторинг жүргүзүүдө «КРЗ» аталышындагы заттар бар болгон даректерди жана координаттарын көрсөтүү менен жашыруун жерлердин ордун сүрөттөгөн сүрөт табылган.

Ошондой эле А.Р. уурдалган телефонго «телеграмм» тиркемесин орнотуп, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү, тактап айтканда «Олд Скул» деп аталган интернет дүкөндө иштеп, казылган жерлерде зат салынган кыстырмалардын болушун көзөмөлдөгөнү жана текшергени аныкталды.

Бул факт Биринчи май райондук ИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарында жайгашкан Семипалатинск көчөсүндөгү жерди текшерүү учурунда тосмонун кирпичинде сары түстөгү 1 даана зат табылган. Соттук-эксперттин корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген зат салмагы 0,302 грамм болгон A-PVP психотроптук заты болуп саналат.

Учурда шектүү А.Р. КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 76