• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте банк тонолду (видео) 

13 Кулжа 2020 22:05 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарында банктын филиалын тоноп кетишти. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 12-июнь күнү болжол менен саат 13:20 чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги банктардын бири тонолгону тууралуу маалымат түшкөн.

«Бет кап тагынган белгисиз эки адам тапанча менен банктын имаратына кирип барган. Алар күзөтчүгө кол салып, кассадагы акчаны алышкан. Банктын кызматкери жардам чакыруучу баскычты басууга жетишип, 13 мүнөттөн соң ыкчам реакция жасоо тобу барган»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда келтирилген чыгымдын суммасы такталып, издөө иштери жүрүп жатат.

https://youtu.be/51e85u0z7UQ

Количество просмотров: 6199