• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте барымтага алынып, бычак жеген аял каза болуп калды

19 Кулжа 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте барымтага алынып, жаракат алган аял каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова Govori.TVга тастыктады.

Анын айтымында, жабырлануучу аял кечки саат 9:00 чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

Буга чейин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков аял моюнга, далыга жана башка жерлерине бир нече ирет бычак жегенин билдирген.

Эске салсак, кечээ, 17-июнда кечки саат 20.00гө жакын милицияга билдирүү түшүп, белгисиз бирөө аялды барымтага алганы айтылган. Жерине барган милиция кызматкерлери мас абалдагы жаран аялга бычак такап коркутуп, эч кимди жакын жолотпой турганын көрүшкөн. Окуя болгон жерге Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал бычагы бар эркек киши менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Бирок майнап чыкпагандыктан күч колдонуп бычакты алып, аялды бошотушкан. Аялды дароо Тез жардам кызматы Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аталган факты Биринчи май райондук ИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Анын аты жөнү такталып, 1984-жылы туулган С. К., аттуу жаран экени белгилүү болду. Тийиштүү экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Количество просмотров: 436