• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте Башкы прокуратуранын эски имараты бузулуп жатат (видео)

29 Теке 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты бузулуп жатат. Буга чейин анан ордуна жаңы объект курула тургандыгы маалымдалган.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган үч долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат жети кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.

Бирок, азырынча 2010-жылы элдик толкундоолор убагында өрттөлгөн бул имараттын ордуна кандай курулуш салына турганы так айтыла элек.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.

Количество просмотров: 526