Бүгүн, 30-октябрда Ак үйдүн алдында Башкы прокуратуранын ишине канааттанбаган жарандар чогулуп, коррупцияга каршы тынчтык митинг өткөрүштү. Нааразычылык акциясына чыккандар Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баштаган бир нече прокурордун отставкасын талап кылган плакаттарды кармап турушту.
Алардын айтымында, Башкы прокуратура адамдардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барбай, тескерисинче мыйзамсыз иштерди калкалап турат.
Митингге чогулгандардын баарынын маселеси прокуратура менен байланышкан. Анда мыйзамсыз куруу, жеке менчик ишканаларына байланыштуу түрдүү окуялар бар. Ак үйдүн алдына чыккандар Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугууну талап кылышты.