29-сентябрга караган түнү Бишкек шаарындагы батирлердин биринде эки жигит бычакталып, андан
кийин өрт чыккан. Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Чыгыш-5 кичирайонунда болгон.
«Батирде 2006-жылы туулган Б.Г., Б.А., 2003-жылы туулган Т.Т., 2004-жылы туулган М.Р. жана 2003-жылы туулган 3.3. аттуу жарандар болгон. Жигиттердин ортосунда пикир келишпестик чыгып, 22 жаштагы 3.3. учтуу нерсе менен Т.Т. жана М.Р. аттуу балдарга жаракат келтирип, кылмышты жашыруу максатында батирди өрттөп жибергендиги аныкталды. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Бул факты боюнча 130-берене (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголду», — деп жазылат маалыматта.
Милиция тарабынан 3.3. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш боюнча тергөө уланууда.