• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте батирден аял кишинин жансыз денеси табылды

28 Теке 20219:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги батирде 85 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1936-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 233