Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.
Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин өрт чыгып, 30 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июль күнү саат 19:00 чамасында Бишкектин Сыдыков көчөсүндө жайгашкан 161-үйдүн 4-кабатынан өрт чыккан. Кырсык болгон жерге саат 19:10до өрт өчүрүү кызматы, 19:12де «Тез жардам» кызматы келген.
«Көп кабаттуу үйдөгү батирдин 48 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Кырсыктан 1989-жылы туулган Ч.О.Е. аттуу жаран каза болгон. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда», — деп билдирди маалымат кызматы.