Бишкекте баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу борбордо Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. Эгерде кандайдыр бир суроолор жаралса Баткен тургундары аталган пункттарга кайрыла алат.
Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:
Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы республикалык штабды материалдык-техникалык жактан камсыздап, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт уюштурган.