• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте бийиктиги 65 метр мунара пайда болот

24 Бугу 2021 17:07 Бишкек Govori.TV

Борбордун түштүк тарабында бийиктиги 65 метр болгон «Бишкек Тауэр» мунарасы пайда болушу мүмкүн. Долбоордун эскизин «Бишкекбашкыархитектура» муниципиалдык ишканасы жарыялады.

Мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи.

«Мунаранын негизги максаты — Астана шаарынын «Байтерек», Ирандын борбору Тегерандагы «Азади», Париждеги Эйфель жана дүйнөнүн башка шаарларындагы белгилүү мунаралар сыяктуу Кыргызстандын борборунун көрүнүктүү символу боло турчу объект куруу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта

Имарат жөнөкөй геометриялык фигуралардан жана сызыктардан турат. Анда кафе жана башка объекттер болот. Мунаранын бийиктиги 65 метрди түзөт.

Количество просмотров: 277