3-декабрдан 7-декабрга чейин Бишкекте «Бир Дүйнө – Кыргызстан-2024» аттуу адам укуктары боюнча XVIII Эл аралык даректүү тасмалардын фестивалы «Жаштар искусство жана адам укуктары үчүн: туруктуулук, кадыр-барк, коопсуздук!» деген ураандын алдында өтөт.
Быйыл фестивалга 18 жыл толду.
Бир Дүйнө-2024 фестивалында көрсөтүлгөн тасмалар 15 өлкөнүн режиссёрлорунун иштерин бириктирип, адам укуктары жана даректүү тасмалар призмасы аркылуу негизги маселелерге терең көз карашты сунуштайт.
«Бул тасмалар социалдык теңсиздикти, дискриминацияны жана зордук-зомбулукту, Адам укуктарынын жалпы декларациясында кепилденген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууну изилдеп, аялдар, балдар, качкындар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сыяктуу аялуу топторду коргоо зарылдыгын баса белгилейт. Тасмалар глобалдык темаларды гана козгобостон, жеке окуяларды да тереңдетип, бул көйгөйлөрдү сезилерлик жана жакын кылат», — деп билдиришти уюштуруучулар.