• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Түз эфир: “Бир дүйнө — 2022” эл аралык фестивалы жыйынтыкталууда

17 Жетинин айы 2022 18:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда Бишкекте “Бир дүйнө — 2022” эл аралык фестивалы жыйынтыкталууда.

Бул жолку фестиваль “Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналып, Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 22 тасма катышты.

Аталган иш-чара быйыл 16-жолу уюштурулуп жатат.

Кошумчалай кетсек, «Бир Дүйнө» фестивалы – 2007-жылдан бери уюштурулуп жана өткөрүлүп келе жаткан адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиядагы жападан жалгыз ири фестивалы. Фестивалдын негизги максаты көрүүчүлөргө көйгөйлөрдүн социалдык-саясий жана экономикалык өңүтүн терең түшүнүүгө, алардан чыгуу жолдорунойлонууга жана талкуулоого мүмкүнчүлүк берген даректүү тасмалар аркылуу адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү болуп саналат.

Количество просмотров: 142