• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

“Бир дүйнө” фестивалында эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды. Төлөйкан Исмаилова сотко кайрылат

16 Жетинин айы 2022 13:26 Бишкек Govori.TV

Жыл сайын өтүүчү адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” фестивалында эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруучуларынын бири, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн залга киши толуп, тасманын башталуусун кутүп жатканда аны көрсөтүуго тыюу салынды.

«Мен бул чечимге каршы сотко берем. Үч күндөн бери ар канда тоскоолдуктар, чалуулар болуп жатат. Эмне үчүн бөгөт болуп жатканын негиздешкен жок. Чынгыз (чекист) жана Перизат (департамент кызматкери) деген эки адам келип, чектеп коюшту. Бул деген бизнес түзүм, баары төлөнгөн, ижара акысы берилген, мындай кылуусу туура эмес. Кыргыз Тасмасынан эки адам келип (Маданият министрлигинин Кинематография департаментинин алдындагы «Кыргыз Тасма» мамлекеттик мекемеси) прокатка уруксат берген. Эки тасма көрсөтүлмөк «Бул жаан эч качан токтобойт”, ал эми экинчиси Саша Кулактын “Мара” аттуу тасмасы, анда Украинадагы согуш тууралуу баяндалат”, — деди Исмаилова.

Количество просмотров: 57