• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа каналга кулап кетти (видео)

1 Бугу 202018:00 Бишкек Govori.TV

Кырсык борбор калаадагы Калинин жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуянын видеосу «Короче» деп аталган Telegram-каналга жүктөлдү. 

Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Айдоочу жардам кереги жок экендигин айткан. Күбөлөрдүн болжолдуу маалыматтары боюнча, ал унаада жалгыз эле болчу.

Унааны кран менен тартып чыгышып, жанындагы адамдар жардам беришкен. Андан кийин автокөлүктү эвакуатор менен алып кетишкен.

Количество просмотров: 578