Бишкектин Эркиндик бульварындагы атышуу фактысы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган М.А., 1988-жылы туулган А.Г., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган Д.Н. жана 1988-жылы туулган А.Т. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 22-декабрь күнү кечки тогуздарда Эркиндик бульварында массалык мушташ жана атышуу болгондугу тууралуу милицияга чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барышып, газ-травматикалык тапанчадан 3 гильза жана аңчылык мылтыгынан дагы 3 гильза табышкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жаңжалдын башка катышуучуларын издөө иштери уланууда.