• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте бычак менен коркутуп, үй ээсин тоногон адам кармалды

19 Баш оона 2020 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бычак менен коркутуп, үй ээсин тоногон адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-август күнү Бишкек шаарынын Н.А. аттуу жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Арызда Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде  үй ээсин белгисиз адам бычак менен коркутуп, акчасын, эки уюлдук телефонун, зер буюмдарын алып кеткени айтылат.

Иликтөө ишинин жүрүшүндө шектүү катары, 32 жаштагы У.Д. аттуу жаран кармалган. Ал келтирген материалдык чыгым, 67 миң сом деп бааланган.

Кармалган жаранга “каракчылык” беренеси менен иш козголуп убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталып, шектүүнүн башка да каракчылык иштерге тиешеси бар жогу такталууда.

Кимде ким сүрөттөгү адамдын кылмыш ишинен жапа чеккен болсо төмөнкү байналаныш номурларына кайрылыңыздар: 0(555) 102-149, 0(502) 102-149, 0(707) 488-008, 0(550) 909-191 жана 102ге.

Количество просмотров: 78