• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте айрым автобус жана маршруткалардын кыймылы өзгөрөт

6 Кулжа 2023 15:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Аламүдүн базарынын аймагында №21 автобус жана №118, 260 маршруткалардын кыймылы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-июндан тарта Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө асфальттагы кемчиликтерди оңдоо иштерине байланыштуу коомдук транспорт аталган тилкени Курманжан Датка, Чугуев, Станционная, Нургазиев көчөлөрү менен айланып өтөт.

Мэрия ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту өзгөрүүлөрдү эске алуу менен пландаштырууну суранат.

Количество просмотров: 106