• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкекте чөнтөк уурулук фактысына шектүүлөр кармалды

9 Бирдин айы 202412:43 Бишкек Govori.TV

Милициянын маалыматына ылайык, 7-февралда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге М.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда аталган күнү Жибек-Жолу проспектиси менен Будённый көчөсүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын бириниде жашы жете элек кызынын чапанынын чөнтөгүнөн 56 миң сом турган «Айфон 11 Pro Max» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун уурдап кетишкен.

Аталган факт Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Чөнтөк уурулукка жол жок!» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында буга чейин бир нече жолу кылмыштардын ушул сыяктуу фактылары боюнча соттолгон 2004-жылы туулган А.А., 2007-жылы туулган С.Б. аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилишип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн жабырлануучунун мурда жашыруун уурдалган уюлдук телефону табылып, алынган.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси такталууда.

Количество просмотров: 119