• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте чет өлкөлүк жарандар 4 500 000 млн. рубль карактап кетишкен

11 Жетинин айы 202417:30 Бишкек Govori.TV

Бишкекте каракчылык кылып акча тапкысы келген чет элдиктер кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 31-октябрь күнү Бишкекте тапанча менен куралданган эки адам А.Э. аттуу жаранга кол салып, 4 500 000 рубль акчасын карактап кетишкен.

Бул окуя Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, каракчылыкка тиешеси бар адамдар аныкталып, алар чет өлкөлүк жарандар экени аныкталды.

Операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарында каракчылык кылышкан 1990-жылы туулган Д.Э. жана 1997-жылы туулган М.У. аттуу жарандар кармалган. Алар Бишкекте ижарага алынган батирде жашаганы аныкталган. Экөө тең өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөнү такталды.

Кармалгандардан 3 686 000 рубль акча табылып алынды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулду.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 174