• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте COVID-19 жуктурган аял каза болду

22 Чын куран 202015:42 Бишкек Govori.TV

22-апрелде Бишкек шаарындагы инфекциялык ооруканада коронавируска кабылган 53 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев Govori.TVга билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон аял 5-апрелде ооруканага жаткырылган.

«Буга чейин каза болгон бейтап 1-апрелден баштап 5-апрелге чейин Кемин аймактык ооруканасында дарыланган. Коронавирустан тышкары кант диабети, жүрөк жана башка оорулардан жабыркап жүргөн», — деди Аалиев.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 8 адам каза болду.

Количество просмотров: 723