• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты

13 Бирдин айы 2026 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрт Ч.Айтматов проспектинде жайгашкан дүкөндөрдүн биринин чатырынан чыккан.

«Тилсиз жоону өчүрүүүгө 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 160