Бишкектеги мектептерде дагы үч күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы ачылган стационарлар адамдарды кабыл алып баштады.
Жаңы ачылган стационарлар:
Ак Босого конушундагы №81 мектепте (Профессор Зима көчөсү, 220) — 40 орун;
Ак-Ордо конушундагы № 96 мектептин базасында (Каркыра көчөсү, 93а)—30 орун;
Аламедин-1 кичи районундагы №38 мектепте — 50 орун.
Күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн баштап 20:00гө чейин кайрылууга болот. Борбор курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптар үчүн. Ошондой эле тамчылатма (капельница) дары койдуртуп же ийне сайдырууга болот.