• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте дем алыш күндөрү такси жана коомдук транспорттор токтотулат

25 Кулжа 202017:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында дем алыш күндөрү коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

Мындай чечим бүгүн, 25-июнда кабыл алынган.

«Бишкек шаарында толугу менен ишемби жана жекшемби күндөрү троллейбус, автобус жана кичи автобустарды, такси кызматтарын токтотобуз. Бул коронавирус илдетин токтотууга үмүт берет», — деди Түлөбаев.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында ишемби күндөрү түштөн кийин жана жекшемби күнү толугу менен коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилерин айткан эле.

Количество просмотров: 244