• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте эл аралык террористтик уюмдардын үгүттөөчүсү кармалды

19 Чын куран 2018 10:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.04.2018.Govori.TV.
2018-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнүн катарын жаңы рекруттар менен толуктоо жана КР аймагынан тышкары аларды чыгаруу максатында республиканын жарандарын арасында үгүттөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу милдеттери менен келген, эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) мүчөлөрүнүн иш аракеттерине бөгөт коюу жана аныктоо боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, террористтик уюмдардын биринин жалдоочусу 1982-ж.т. КР жараны «А.Э.» кармалды.
«А.Э.» ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча 2015-жылы Сирияга 4 КР жаранын үгүттөп жиберген. Сириядагы куралдуу чыр-чатак аймагына рекруттарды жиберүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзүү үчүн акыркы жылдары жакынкы чет өлкөлөрдүн бирине барып, ошол жерде туруктуу жашап келген.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголду.
«А.Э.» КР МУКК Тергөө камак жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Количество просмотров: 33