Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда Эйфел мунарасынын макеттери менен британиялык телефон кабинасы орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-апрелде мурун сүрөткө түшкөндү жактыргандар үчүн кичинекей Арбат аталган зонада чоң LED-экран, Эйфел мунарасынын, Биг Бендин селфи макеттери жана британиялык телефон кабинасы орнотулган.
«Алдыда быйтыкчалар орнотулуп, фонтан менен айланган глобус, өзүнчө фонтан орнотулат. Кошумча өркүндөтүү демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.