• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте эки мектеп окуучусун машине сүзүп кетти

2 Аяк оона 202414:56 Бишкек Govori.TV


Бишкектеги Жал кичирайонунда эки мектеп окуучусун машине сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2-сентябрда саат 07:30дар чамасында Ж.у.М. аттуу 24 жаштагы жаран “Ауди 80” үлгүсүндөгү унаасы менен Тыналиев көчөсүндөгү жол чийининен эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан улам 14 жаштагы Ш.А., 15 жаштагы Ш.Д. түрдүү жараат алып, №3 ооруканага жеткирилишти. Шектүүнүн унаасы айып коючу жайга токтотулду.

Бул факты боюнча тиешелүү соттук медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 696