• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте эки окуучуну иттер талап кеткен

7 Бештин айы 2021 13:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын эки окуучусуна питбул пародасындагы иттер кол салып, алар ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Гулия Рахманова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган.

“Жабыркагандар мектептен кайтып келатканда эки ит кол салган. Алардын бирөөсү 1-класс, экинчиси 6-класстын окуучусу жана бир үй-бүлөнүн балдары. Апасы балдарды жалгыз тартиялап келет. Азыр эми алар ооруканада. Бирөөсүнүн денесинин кээ бир жерлеринин булчуңдары үзүлүп кеткен. Буга ким жооп берет, ден соолуктарына зыян келтирилди, андан сырткары, жалгыз бой эненин чыгымдарын ким толтурат?”, – деп жазат ал.

Ал бул үй-бүлөгө жардам берүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылган.

Количество просмотров: 389