• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкекте эки унаа кагышып, 5 адам жабыркады

25 Бугу 2020 11:18 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 24-майда саат 08:30да Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус 570» унаасы менен «Опель Монтерео» үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан бир автоунаа оодарылып калган. «Лексус 570» унаасын 66 жаштагы А.Р., аттуу айдоочу, «Опель Монтерео» унаасын 50 жаштагы М.З., аттуу айдоочу башкарып келе жаткан. Кырсыктан жабыркаган 5 жаран №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежесин сактоого чакырат.

Количество просмотров: 69