• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн «Хизбут-Тахрирдин» мүчөсү кармалды

17 Теке 2020 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тыюу салынган «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлери жашыруун уюмдардын ишине бөгөт коюу иштеринин алкагында 35 жаштагы А.А. аттуу кишини колго түшүрүшкөн.

«Ал Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик уюмдун деструктивдүү идеологиясын жайылтууга жигердүү катышкандыгы жана анын курамына башкаларды тартуу менен алектенгени аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 41