• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте Элдик курултай өтүп жатат (сүрөт)

25 Жетинин айы 2022 10:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай башталды. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулат. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар келген.

Элдик курултайды башкарып, ачып берүү милдети легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиевге жүктөлдү.

Элдик курултай 1 074 делегаттан турат.

Анын ичинде:

452 айыл өкмөттүн ар биринен экиден (904 делегат);

облустук маанидеги 12 шаардан экиден жана райондук маанидеги 18 шаардан бирден (42 делегат);

Бишкек шаарынан 60 жана Ош шаарынан 30 (90 делегат).

чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 28 делегат;

конфессиялык коомчулуктардан – 10 делегат.

Элдик курултайды өткөрүү милдети президенттин администрациясы менен иш башкармалыгына жүктөлүп,  уюштуруу комитетине төмөнкүлөр кирген:

Сүйүнбек Касмамбетов — мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Бейшенбек Абдразаков — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Чолпонбек Абыкеев — президенттин кеңешчиси, «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Бекбосун Бөрүбашов — президенттин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;

Замирбек Айтиев — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;

Абдрахман Алымбаев (Байас Турал) — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Чолпонкул Арабаев — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кубанычбек Дүйшеев — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кадыралы Кошалиев — «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Билим Райымкулов — Кыргызстан адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Айбек Жунушалиев — президенттик администрациянын президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;

Мурат Үкүшов — президенттик администрациянын, президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;

Мирбек Кожоев — президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Каныбек Туманбаев — президенттин иш башкаруучусу;

президенттин облустагы өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери.

Курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат.

Количество просмотров: 1530