• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте эркек киши 9-кабаттан боюн таштоого аракет кылган

10 Жетинин айы 2022 10:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектин Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатындагы батирдин терезесинен секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, аталган даректе жайгашкан батирдин терезесинен 1990-жылы туулган Д.Х атту жаран (эркек киши ) секирип, өз өмүрүн кыйууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле учурда ыкчам түрдө альпинисттик шаймандар менен көп кабаттуу үйдүн чатырынан батирдин терезесине түшүп, анын өмүрүн сактап кала алышты.

Такталган маалыматка ылайык, жаран эч кандай жаракат алган эмес.

Теги:
Количество просмотров: 293