Бишкекте милиция күч колдонуп, жолдон өтүп бара жаткан адамдын ири суммадагы акчасын алып кеткен 35 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 2024-жылдын 28-ноябрында саат 22:00 чамасында «Жаштар» паркынын аймагында болгон. Жабырлануучуга бейтааныш адам кол салып, анын 250 миң сомдон ашуун акчасын тартып алган.
Шектүү катары 1989-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу камакка алынды.