• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекте эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды

14 Бирдин айы 2024 12:25 Бишкек Govori.TV

“Акиф” эт базарынын негиздөөчүсү жана директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Ош базарынын аймагындагы «Фирма Акиф» ЖЧКсынын эт базарында ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

««Акиф Фирма» ЖЧКсы кош бухгалтердик эсепти түзүп, соода жайларын жана орундарын ижарага берүү үчүн чогултулган каражаттар тийиштүү түрдө документтештирилбей, финансылык документтерде эсепке алынбастан төлөм жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда базар жетекчилери күн сайын ижарачылардан 100 миң сомго жакын акча чогултуп, бирок жеке баюу жана салык төлөөдөн качуу максатында каржылык отчеттордо алынган пайданын көлөмүн 90%га чейин кем баалашкан. Ошондой эле, «Акиф Фирма» ЖЧКсынын жетекчилери алдамчылык аракеттери менен өзгөчө ири өлчөмдө жабырлануучунун мүлкүн тартып алганы аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2024-жылдын 14-февралында 1965-жылы туулган Ф.С.В., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана 1973-жылы туулган К.Н.А., «Акиф Фирма» ЖЧКсынын башкаруучу директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 668