Бишкекте уурулук кылганга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушл эле жарандар буга чейин Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүлдөрдү үзүшкөн.
19-апрелге караган түнү саат 00:55 чамасында укук коргоочулардын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жабырлануучунун телефонун тартып алганы кабарланган.
Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда, 1993-жылы туулган жаран уюлдук телефонун жана акча каражатын тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1994-жылы жана 1997-жылы туулган жарандар кармалган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене («уурулук») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.