• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте гараждар алынууда

11 Бугу 202311:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Айни-Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган гараждарды алууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпысынан 20 гараж алынат. Буга чейин 13 гараж алынган.

Эске салсак, 19-апрелде аталган башкармалыктын кызматкерлери беш күн ичинде мыйзамсыз орнотулган гараждарды өз ыктыяры менен алуу боюнча эскертүүлөрдү тараткан.

Количество просмотров: 93