• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бишкекте “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун көз карашын жайылтууга шектүү жаран кармалды

24 Бирдин айы 2021 17:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун көз карашын жайылтууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан интернет түйүндөрү аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин көз карашын камтыган материалдарды таркатып жаткан аккаунт аныкталган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жогорудагы аккаунт аркылуу таркатылган материалдарда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз карашын камтыган материал бар экендиги аныкталган.

Чүй облустук ИИББинин ЭММКАКтын жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 23-февралында Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы Б.Э. аттуу тургуну Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 98