• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 2 көмүскө жай аныкталды

21 Үчтүн айы 202411:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 2 көмүскө жай аныкталды. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердигин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча рейддин жыйынтыгында интим-кызмат көрсөтүүчү 2 көмүскө жай аныкталып, райондук милицияга жагдайларды аныктоо үчүн 4 жаран жеткирилген.

Рейддик иш-чараларга райондун укук коргоо органдарынын жана МАБдын өкүлдөрү катышты.

«Эгерде сиз ушундай жагдайлардын күбөсү болуп калсаңыз, төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону суранабыз: 0 (502) 041 208, 0(701) 700-251 Whatsapp, 0 (312) 56-60-43 жана күнү-түнү кыска номери боюнча 102», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 476