• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт

12 Үчтүн айы 202416:49 Бишкек Govori.TV

23-25-январь күндөрү Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү борбор калаанын тургундары 2017-2022-жылдар аралыгында тартылган Ирандын заманбап кинорежиссёрлорунун түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган тасмаларды көрө алышат.

Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда саат 14:00дө “Манас” кинотеатрынын чоң залында болот жана «Үмүт периштеси» аттуу тасма тартууланат.

Количество просмотров: 106