Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн дубалынын кулашы боюнча кармалган эки прорабдын баш коргоо чарасы өзгөрдү. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, эки прораб үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди 12-апрелде Ленин райондук соту чыгарган. Шектүүлөр кылмыш иши тергелип бүткүчө үй камагында болот.
Эскерте кетсек, 26-мартта Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы эки кабаттуу үйдүн чатырына кулап түшкөн. Аталган факты Кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө дубалы кулаган көп кабаттуу үйдүн прорабдары 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.