Бишкек.16.07.2019.Govori.TV
Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринде газ жарылып, натыйжада үйдүн жарым бөлүгү жараксыз абалда урап түшкөн. Ал эми үйдүн кожоюну анча оор эмес жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Окуя 15-июлда болжол менен кечки саат бештер чамасында болгон.
Катталган факт боюнча шаардык газ кызматы мүчүлүштүктү оңдоп, абалды жайгарганы айтылууда.