• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, эки кыз жабыркады

13 Аяк оона 2022 9:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, эки кыз жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун Серпухов көчөсүндө жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 2009-жылы туулган Н.Т. көзүнөн жаракат алып, 2010-ж.ылы туулган К.С. түтүндүн жытына ууланган.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 158