• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте эртең эл аралык жарым марафон өтөт

22 Аяк оона 2018 17:12 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 22.09.2018.Govori.TV.
Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жарым марафон өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 23-сентябрь күнү саат 9.00дө Арча-Бешик жаңы конушундагы дене тарбия жана ден соолук борборунда башталат. Ага шаардык кеңештин депутаттары, 20 өлкөлөдөн келген кесипкөй спортчулар менен ышкыбоздор 21, 10 жана 3 чакырымга чуркашат.
Марафондун максаты — Бишкек шаарын ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кудурети жеткен, заманбап шаар катары көрсөтүү, дени сак жашоону үгүттөө жана эл аралык спорт, туризм жаатындагы байланыштарды бекемдөө болуп эсептелет.
Количество просмотров: 19