• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте күндүзгү стационарлар даярдалды (даректери)

19 Тогуздун айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясы күндүзгү стационарларды даярдады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек мэриясынын билдирүүсүнө караганда, кычкылтек концентраттары жетиштүү санда, керек болгон учурда стационарларга жеткирилип турат. Ошондой эле бардык стационарларда дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын камы көрүлгөн.

Ленин району:
№96 мектеп (Ак-Ордо ж/к) 30 койко-орундук;
№95 мектеп (Жал кичи району) 50 койко-орундук.

Биринчи май району:
№81 мектеп ( «Ак-Босого» ж/к, Профессор Зима көч, 262) 40 койко-орундук;
№69 мектеп (Айни көч, 13) 120 койко-орундук.

Октябрь району:
№39 мектеп (кичи район №6-4/1) 50 койко-орун;
№63 (кичи район №11-9/1) 40 койко-орун.

Свердлов району:
№4 мектеп (Атай Огомбаев көч, 207) — 50 койко-орундук;
№ 65 лицей — 60 койко-орундук.

Количество просмотров: 209