• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

17 Баш оона 2023 11:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин 27-линия көчөсүндөгү тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушу аныкталып, курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, үйдүн курулушу Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан токтотулду. Ошондой эле курулушка уруксат берүү документтерин көрсөтүү талабы менен «Алим Капитал» ЖЧКсынын өкүлүнө эскертүү берилди.

Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү менен айып салынат.

Количество просмотров: 143