• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте көп кабаттуу үйдө газ жарылган. Жабыркагандардын абалы айтылды

20 Үчтүн айы 202515:35 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 19-январда Бишкектин Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болуп, эки адам жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жарылуудан эки аял — апасы менен кызы жабыркаган. Дарыгерлер 62 жаштагы аялга бетинен I-II-III даражадагы күйүк, тулку-бою жана колу-бутунун 60 пайызы күйгөн, катуу шок алган деген диагноз коюшкан. Абалы өтө оор деп бааланууда.

Ал эми экинчи жабырлануучу 38 жаштагы кызы бетинен I-II даражадагы күйүк алган, ал эми колу-бутунун 10 пайызы күйгөн. Азыркы учурда анын абалы орточо оор деп бааланууда.

Теги:
Количество просмотров: 170