Франциянын Марсель шаарындагы Орусиянын башкы консулдугунун жанында саат 8:00 чамасында (жергиликтүү убакыт) жарылуу болгонун BFMTV билдирди. Окуя болгон жерде отузга жакын өрт өчүрүүчү жана полиция кызматкерлери иштеди.
Алгач француз маалымат каражаттары жардыруу консулдуктун жанында болгонун жазышкан. Орусиянын Марсельдеги башкы консулу Станислав Оранский La Marseillaise гезитине жардыруу дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында болгонун билдирди.
BFMTV полициядагы булагы консулдуктун аймагындагы бакчага эки Молотов коктейлинин ыргытылганын билдирди. Басылманын маектешинин айтымында, жабыркагандар жок. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова окуяга байланыштуу “теракттын белгилери” бар экенин билдирди.
Орусиянын Марсельдеги Башкы консулдугу Амброуз Паре проспектисинде жайгашкан. Египет, Тунис, Армения жана Сан-Томе жана Принсипи консулдуктары бул райондо жайгашкан.